
ТОКТОМ № 1-2
Мин-Куш айылдык кеңештин биринчи сессиясы
29-ноябрь 2024-жыл Мин-Куш айылы
Мин-Куш айыл аймагынын айылдык кеңештин төрагасын орун басарын шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө
Эсептөө комиссиясынын жыйынтыгынын негизинде №3/1-протоколун жана Эсептөө комиссиясынын төрагасынын маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 14-мартындагы №56-буйругу менен бекитилген типтүү регламентин жетекчиликке алуу менен
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Эсептөө комиссиясынын айылдык кеңештин төрагасынын орун басарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө 2024-жылдын №3/1-протоколу бекитилсин.
- Мин-Куш айыл аймагынын айылдык кеңештин төрагасынын орун басары болуп Мамытбекова Тынара Буудайчиевна шайлангандыгы таанылсын.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзомөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Мин-Куш айылдык
кеңешинин төрагасы А.Бекеев
