
Миң-Куш айыл аймагынын айылдык кеңешинин I-чакырылышынын депутаттарынын кезектүү 4– сессиясынын
ТОКТОМУ №1-4-4
Миң-Куш айылы 27-март 2025-жыл
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 379-380-беренелерине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилип жаткандыгына байланыштуу 2025-2027-жылдарга салык мезгилдерине пайдаланууга берилген турак-жай имаратына жана турак жайларга чарчы метри 300 чарчы метрден ашкан жайларга салыктык тарифин бекитип берүү жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 379-380-беренелерине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилип жаткандыгына байланыштуу 2025-2027-жылдарга салык мезгилдерине пайдаланууга берилген турак-жай имаратына жана турак жайларга чарчы метри 300 чарчы метрден ашкан жайларга салыктык тарифин бекитип берүү жөнүндө мамлекеттик салык кызматынын Нарын облусунун Жумгал району боюнча башкармалыгынын жолдомо каты менен таанышып, угуп жана талкуулап Мин-Куш айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 379-380-беренелерине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилип жаткандыгына байланыштуу 2025-2027-жылдарга салык мезгилдерине пайдаланууга берилген турак-жай имаратына жана турак жайларга чарчы метри 300 чарчы метрден ашса ар бир чарчы метрине 10 (он) сомдон тарифи бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын кылдаттык менен карап чыгып, мыйзамдын негизинде көзөмөл кылуу жагы Мин-Куш айыл аймагынын айыл өкмөтүн башчысы
А.О. Абдылдаевге милдеттендирилсин.
Төрага: А. Т. Бекеев
