Миң-Куш айыл аймагынын айылдык кеңешинин I-чакырылышынын депутаттарынын кезектүү 3– сессиясынын ТОКТОМУ №1-3-2

Миң-Куш айыл аймагынын айылдык кеңешинин I-чакырылышынын депутаттарынын кезектүү 3– сессиясынын

ТОКТОМУ №1-3-2

Миң-Куш айылы                                                                                                                                                                                                                27-март 2025-жыл
Мин-Куш айыл аймагындагы участкалык шайлоо комиссияларынын резервине талапкерлерди сунуштоо жөнүндө

Миң-Куш айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектүү 4-сессиясы, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана жана референдум өткөрү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 5-главасынын 19-беренесинин жана Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын кайрылуусунун негизинде, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын өкүлдөрүнүн, кооомдук уюмдардын, жарандардын жашаган жана иштеген жеринен шайлоочуларынын чогулуштарынан №4124, №4125, №4126, №4127, №4128 участкалык шайлоо комиссиясынын резервине көрсөтүлгөн талапкерлер боюнча келип түшкөн протоколдорун карап чыгып жана талкуулап, Токтом кылат:
1. Миң-Куш айыл аймагынын №4124, 4125 Өрнөк-Сары-Камыш, №4126 16-аянтча, №4127-4128 17-21-аянтчаларынын шайлоо комиссиясынын резервине талапкерлерди көрсөткөн жарандардын жашаган, иштеген жеринен шайлоочулардын протоколодору бекитилсин.
2. Миң-Куш айыл аймагынын участкалык шайлоо комиссиясынын резервине тизме боюнча талапкерликтери сунушталсын. (тизме тиркелет)
3. Резервке сунушталган талапкерлерди бекитип берүү жагы Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.

 

Төрага: А. Т. Бекеев

Жооп калтыруу