
Миң-Куш айыл аймагынын айылдык кеңешинин I-чакырылышынын депутаттарынын кезектүү 4– сессиясынын
ТОКТОМУ №1-4-3
Миң-Куш айылы 27-март 2025-жыл
“Салыктык эмес кирешелер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Кодексинин
24-главасынын 73-74-75-76-беренелерине ылайык, калктуу конуштардан таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымды бекитүү жөнүндө.
“Салыктык эмес кирешелер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Кодексинин
24-главасынын 73-74-75-76-беренелерине ылайык, калктуу конуштардан таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымды бекитүү жөнүндө мамлекеттик салык кызматынын Нарын облусунун Жумгал району боюнча башкармалыгынын №197- чыгыш сандуу каты менен таанышып, угуп жана талкуулап Мин-Куш айыл аймагынын айылдык кеңеши
токтом кылат:
1. “Салыктык эмес кирешелер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Кодексинин 24-главасынын 73-74-75-76-беренелерин жетекчиликке алып, калктуу конуштарданташтандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымды жеке ишкерлер, коммерциялы уюмдар жана юридикалык тараптар-ишкердик иши үчүн арналган имараттардын
ээлери, анын ичинде курулушту же анын бир бөлүгүн ижарага берүүчүлөр бир жашоочуга жылына 100 (бир жүз) сомдон бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын кылдаттык менен карап чыгып, мыйзамдын негизинде көзөмөл кылуу жагы Мин-Куш айыл аймагынын айыл өкмөтүн башчысы
А.О. Абдылдаевге милдеттендирилсин.
Төрага: А. Т. Бекеев
