
Миң-Куш айыл аймагынын айылдык Кеңешинин I-чакырылышынын депутаттарынын кезексиз 9-сессиясынын
ТОКТОМУ № 1-9-1
14-октябрь 2025-жыл Миң-Куш айылы
Миң-Куш айыл аймагы боюнча Элдик Курултайга айыл аймагынан делегаттарды шайлоону уюштуруу жана өткөрүү жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 22-сентябрындагы “Элдик Курултайды өткөрү жөнүндө” ПЖ №270 Жарлыгы менен аныкталган 2025-жылдын
22-декабрында өтүлүүчү Элдик Курултайга делегаттарды шайлоону уюштуруу жана өткөрүү жөнүндө, кезектеги IV Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо Элдик Курултайдын Улуттук кеңешинин 2024-жылдын 21-декабрындагы кабыл алган Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо тартиби жөнүндө Жобого ылайык уюштуруу жөнүндө маселени карап, Миң-Куш айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын сессиясы угуп жана талкуулап, токтом кылат:
- Жарандардын жыйынына жарандарды шайлоо боюнча Миң-Куш айыл аймагы
1-тиркемеге ылайык, тиешелүү аймактарга бөлүнсүн.
- Миң-Куш айыл аймагы боюнча жергиликтүү коомдоштуктун жыйынындагы жарандардын жалпы саны 30 адамдан түзүлсүн.
- Элдик Курултайды өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин календардык планында аныкталган мөөнөткө ылайык, жарандардын жыйындарын өткөрүүнүн графиги жана алардан шайлануучу жарандардын өкүлчүлүктүн ченемдери 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
- Жарандардын жыйындарындагы жарандарды шайлоо боюнча ар бир жыйындарды жана чогулуштарды өткөрүүгө жооптуу жергиликтүү кеңештин депутаттарынын тизмеси 3-тиркемеге ылайык бекитилсин.
- Жарандардын жыйындарын уюштуруу жана өткөрүү 7 адамдан турган жумушчу тобунун курамы 4-тиркемеге ылайык бекитилсин.
- Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча жергиликтүү коомдоштуктун жыйыны Миң-Куш айылындагы Э. Акматалиев атындагы жаштар жана маданият үйүндө 2025-жылдын 1-ноябрында саат 11:00 дө өткөрүү 5-тиркемеге ылайык бекитилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырам.
Төрага: А.Т.Бекеев
Миң-Куш айыл аймагынын айылдык кеңешинин I-чакырылышынын депутаттарынын 2025-жылдын
14-октябрындагы кезексиз
9-сессиясынын № 1-9-1 токтомуна
1-тиркеме
Миң-Куш айыл аймагынын калктуу конуштарын бөлүктөргө бөлүү
- Кызыл-Сөөк айылы, 17-аянтчасы, 16-аянтчасы, Алыскы Миң-Куш участкасы;
- Өйдөкү жана Ылдыйкы Агулак участкасы, 21-аянтча, 20-аянтча;
- Табылгыты, Кызыл-Коргон, Сары-Булуң айылдары;
- Кең-Суу, Котур-Суу, Табылга айылдары;
Миң-Куш айыл аймагынын
айыл өкмөтүнүн орун басар-
жооптуу катчысы: _____________________________ И. Эрнис уулу
Миң-Куш айыл аймагынын айылдык Кеңешинин I-чакырылышынын депутаттарынын депутаттарынын 2025-жылдын 14-октябрындагы кезексиз 9-сессиясынын № 1-9-1 токтомуна 2-тиркеме
Жергиликтүү жамааттардын өкүлчүлүктүү жыйындарын өткөрүү боюнча графиги жана алардын шайлануучу өкүлдөрдүн өкүлчүлүктүү ченемдери.
| № | Жыйындарды өткөрүү орду. | Өткөрүү убактысы. | Делегаттардын
өкүлчүлүктүү ченемдери. |
Жооптуулар |
| 1 | Кызыл-Сөөк айылы, 17-аянтчасы, 16-аянтчасы, Алыскы Миң-Куш участкасы;
(Э. Акматалиев атындагы маданият үйүндө)
|
17.10.2025-ж саат 10.00 | 2 аял /3 эркек | Жергиликтүү
кеңештин депутаттары, жумушчу топ |
| 2 | Өйдөкү жана Ылдыйкы Агулак участкасы, 21-аянтча, 20-аянтча;
(20-аянтчадагы мектептин алдында) |
17.10.2025-ж саат 12.00 | 3 аял/ 7 эркек | Жергиликтүү
кеңештин депутаттары, жумушчу топ |
| 3 | Табылгыты, Кызыл-Коргон, Сары-Булуң айылдары;
Айыл өкмөттүн имаратында |
18.10.2025-ж саат 10.00 | 3 аял/8 эркек | Жергиликтүү
кеңештин депутаттары, жумушчу топ |
| 4 | Кең-Суу, Котур-Суу, Табылга айылдары;
(Кызыл-Октябрь орто мектебинин алдында)
|
18.10.2025-ж саат 13.00 | 1 аял /3 эркек | Жергиликтүү
кеңештин депутаттары, жумушчу топ |
Миң-Куш айыл аймагынын
айыл өкмөтүнүн орун басар-
жооптуу катчысы: _____________________________ И. Эрнис уулу
Миң-Куш айыл аймагынын айылдык Кеңешинин I-чакырылышынын депутаттарынын депутаттарынын 2025-жылдын 14-октябрындагы кезексиз 9-сессиясынын № 1-9-1 токтомуна
3-тиркеме
Жергиликтуу жамааттардын жарандарынын жыйындарынын өкүлдөрүн шайлоо боюнча ар бир жыйындарды өткөрүүгө жооптуу жергиликтүү Кецештин депутаттарынын тизмеси:
- Кызыл-Сөөк айылы, 17-аянтчасы, 16-аянтчасы, Алыскы Миң-Куш участкасы боюнча жооптуулар-Акылбек уулу Самат, Майрамбеков Жакшылык, Нусубалиева Мунира, Сейитова Нургуль
- Өйдөкү жана Ылдыйкы Агулак участкасы, 21-аянтча, 20-аянтчасы боюнча жооптуулар-Ишембаев Марсбек, Мамытбекова Тынара, Жолдошбаева Наргиза
- Табылгыты, Кызыл-Коргон, Сары-Булуң айылдары боюнча жооптуулар-Жээнкулова Эльвира, Баялиева Сайранбюбю
- Кең-Суу, Котур-Суу, Табылга айылдары боюнча жооптуу-Чылпаков Нурбек
Миң-Куш айыл аймагынын
айыл өкмөтүнүн орун басар-
жооптуу катчысы : _____________________________ И. Эрнис уулу
Миң-Куш айыл аймагынын айылдык Кеңешинин I-чакырылышынын депутаттарынын депутаттарынын 2025-жылдын
14-октябрындагы кезексиз
9-сессиясынын № 1-9-1 токтомуна
4-тиркеме
Жарандардын жыйындарын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобунун курамы:
- Бекеев Айбек-Миң-Куш айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы-жумушчу топтун төрагасы;
- Көлмөбекова Айгерим-жумушчу топтун катчысы;
- Акылбек уулу Самат-Жергиликтүү кеңештин депутаты-жумушчу топтун мүчөсү;
- Мамытбекова Тынара- Жергиликтүү кеңештин депутаты-жумушчу топтун мүчөсү;
- Баялиева Сайранбюбю- Жергиликтүү кеңештин депутаты-жумушчу топтун мүчөсү;
- Шорукова Айымкан- жумушчу топтун мүчөсү-демилгелүү топ;
- Суюмбаева Бурул- жумушчу топтун мүчөсү-демилгелүү топ
Миң-Куш айыл аймагынын
айыл өкмөтүнүн орун басар-
жооптуу катчысы : _____________________________ И. Эрнис уулу
Миң-Куш айыл аймагынын айылдык Кеңешинин I-чакырылышынын депутаттарынын депутаттарынын 2025-жылдын
14-октябрындагы кезексиз
9-сессиясынын № 1-9-1 токтомуна
5-тиркеме
Миң-Куш айыл аймагында Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча жергиликтүү коомдоштуктун жыйынын өткөрүү
ГРАФИГИ
| № | Айыл аймак | Чогулуш өтүүчү жер | Убактысы | Уюштуруучулар |
| 1 | Миң-Куш | Миң-Куш айылындагы
Э. Акматалиев атындагы жаштар жана маданият үйү |
01.11.2025-жыл саат 11:00 | Жергиликтүү кеңеш, жарандардын жыйынын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобу |
Миң-Куш айыл аймагынын
айыл өкмөтүнүн орун басар-
жооптуу катчысы : _____________________________ И. Эрнис уулу
