
Мин-Куш айыл аймагынын айылдык кеңештин биринчи сессиясы
ТОКТОМ № 1-1
29-ноябрь 2024-жыл Мин-Куш айылы
Мин-Куш айыл аймагынын айылдык кеңештин төрагасын шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө.
Мин-Куш айыл аймагынын айылдык кеңешинин биринчи жыйынынын эсептөө комиссиясынын жыйынтыгынын негизинде №2/1-протоколун жана Эсептөө комиссиясынын төрагасынын маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 14-мартындагы №56-буйругу менен бекитилген типтүү регламентин жетекчиликке алуу менен
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Эсептөө комиссиясынын Мин-Куш айыл аймагынын айылдык кеңештин төрагасын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө 2024-жылдын №3-протоколу бекитилсин.
- _Бекеев Айбек Тынайбекович_ Мин-Куш айыл аймагынын айылдык кеңештин төрагасы болуп шайлангандыгы таанылсын.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Мин-Куш айылдык
кеңешинин төрагасы А.Бекеев
